Бүгүн, 29-декабрда маалымат жыйынында Муфтияттын штабынын башчысы, муфтийдин орун басары Замир кары Ракиев быйыл ажылык сапарга барган кыргызстандык зыяратчылар Сауд Арабияда өздөрү жашаган мейманкананын шарттарына нааразы болушканын билдирди.
"Ажылык сапар арзан болуш үчүн кыргызстандыктар акысыз мейманканада жашашкан. Акча төлөнбөгөндүгүнөн шарттар өтө начар болгон. Ал эми коңшу өлкөлөрдүн зыяратчылары ыңгайлуу шарттары бар мейманканаларда жашап турушкан. Бул жерде бардык керектүү эмерек, матрацтар болгон. Биздикилер болсо жерге жатышкан. Мындан тышкары эски 1970-80-жылдардагы тар автобустарда жүрүшкөн. Мындан улам бааны 1000 долларга чейин көтөрүүнү пландап жатабыз",- деп түшүндүрдү Ракиев.
"Буга Сауд Арабия тарап эмес, кыргыз тараптын уюштуруучулары күнөөлүү. Анткени мурда бул тармак абдан коррупциялашкандыктан жана тажрыйба аз болгондуктан, ушундай кемчиликтер орун алды",- деди ал.
Андан тышкары зыяратчылар медициналык тейлөөгө нааразы болгондугун кошумчалап: "Быйыл ажылык сапарга Кыргызстандан 3865 жаран барган. Алардын 8и гана медициналык кызматкер болуп, баарын тейлөөгө жетишкен эмес. Ошондуктан кийинки ажылыкка дарыгерлердин санын көбөйтөбүз",- деди Ракиев.