Бишкек мэриясы айдоочулардан "Тез жардам" кызматына жол бошотууну суранат

Бишкек мэриясы "Тез жардам" кызматынын жолдо бир катар кыйынчылыктарга туш болуп жатканын эскертип,  шаардагы айдоочулардан жол бошотууну суранат. Мэриядан Саламаттыкты сактоо департаментине шилтеме берүү менен билдиришкендей, "Тез жардам" унааларына жол бошотпой, унаа кармалып калган окуялар да кездешет. 

"Көп учурда адамдардын ден соолугунун кийинки абалы жана өмүрүнүн сакталышы биринчи жардам көрсөтүүгө бара жаткан унаанын канчалык эрте жеткенинен көз каранды болуп калат. Атайын регламентте унаанын канча убакытта чакырылган жерге чейин жетип баруусу боюнча так жазылган. Бирок дарыгерлердин тобу убагында чакырылган жайды көздөй чыгып кеткени менен, унаалардын көптүгүнөн, жолдо айдоочулардын жол бошотпогонунан улам кыйынчылыктарга туш болот. 28-декабрда Горький-Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде 2 автоунаа кагылышкан. Анын бири "Тез жардам" кызматынын унаасы эле. Белгисиз себептерден улам БМВ үлгүсүндөгү унаа "Тез жардам" унаасынын алдына чыга калган. Ошол себептүү ал унаа жолдо кармалып, башка дарыгерлер тобу жардамга жөнөгөнгө мажбур болушту" деп жазылат маалыматта. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
MilliaRdova88
2014-12-30 04:39:17
Жол бериш керек биринчи кезекте тез жардамга. Балким тез жардам мн сенин атан же апан бир туугандарын болуп калышы мумкун. Айдоочулар жулунушат бири бирин кесип отушот, Ким биринчи жанталашып отсо ошол азамат!бизде
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан