Жылнаама, 1-январь: Мындан 45 жыл мурун “Сениби, шашпа!” мультфильминин 1-бөлүгү эфирге чыккан

* Мындан 72 жыл мурун, 1942-жылы акын, КРнын Мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев Жумгал районунун Чаек айылында туулган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин аяктаган. Эмгек жолун 1963-1969-жылдары Калинин районунун Суусамыр өрөөнүндөгү 8-Март, Каракол башталгыч мектептеринин мугалими болуп иштөө менен баштаган. Ш.Кулуев КРнын Мамлекеттик гимнин авторлорунун бири болуп, ага 1994-жылы "КРнын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери" наамы берилген. Көп жылдык эмгеги эске алынып, Ш.Кулуевге 1987-жылы "Эмгек ардагери", 1993-жылы "КР Эл агартуунун отличниги" төш белгилери, 2002-жылы КРнын Ардак грамотасы берилип, "Жайыл районунун ардактуу атуулу", КРнын Чүй облусунун "Кеменгер" төш белгиси тапшырылган.
 
* Мындан 70 жыл мурун, 1944-жылы Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Жумабек Ибраимов Кемин районунун Жаңы-Алыш айылында туулган. 1971-жылы Фрунзе политехникалык институтун бүтүргөн. 1993-1995-жылдары Бишкек шаарынын мэри болуп, 1998-жылы 25-декабрда премьер-министр кызматына дайындалган. Саясатчы, коомдук ишмер Жумабек Ибраимов 1999-жылы 4-апрелде ашказан оорусунан 55 жаш курагында көз жумган.
* Мындан 45 жыл мурун, 1969-жылы “Сениби, шашпа!” мультфильминин 1-бөлүгү эфирге чыккан. Анын режиссёру – Вячеслав Котёночкин, сценарийин жазгандар – Феликс Камов, Аркадий Хайт, Александр Курляндский, продюсерлери – П.Бабаханян, А.Лебедев, композитору – Виктор Бабушкин, үндөрүн коштогондор – Клара Румянова (Коён), Анатолий Папанов (Карышкыр), ошондой эле Генадий Хазанов, Владимир Сошальский жана башкалар. Тартуучу топ ишке киришкен соң, 1986-жылга чейин мультфильмдин 1-16-бөлүктөрү тартылган. Папановдун өлүмүнөн кийин мультфильмди тартууну токтотууну чечишкен. Себеби Карышкырдын кайталангыс образын ал адамдан башка эч ким жарата алмак эмес. Бирок үн жазуучу студиянын архивинде Папановдун үнү жазылып калган. Монтаждын жардамы менен сөздөрдөн сүйлөм курап отуруп дагы эки бөлүк тартууга мүмкүнчүлүк пайда болуп, 1994-жылы 17-бөлүк, 1995-жылы 18-бөлүк жарык көргөн. Акыркы 19-20-бө­лүктөрдү жаратуу да планда болбогон. 2005-жылы режиссёр Вячеслав Котёночкиндин уулу Алексей “Кристмас Филмз” компаниясынын жардамы менен популярдуу мультсериалдын уландысын тартууну чечкен. Мында Карышкырдын үнүн белгилүү пародист Игорь Христенко, Коёнду Ольга Зверева коштогон.
* Мындан 28 жыл мурун, 1986-жылы япониялыктар менен СССР биргеликте тарткан "Лоло менен Пепе" мультфильминин бет ачары СССРде болгон. Ал эми Японияда 1988-жылы 27-мартта көрсөтүлгөн. "Лоло менен Пепе" же болбосо “Кичинекей Лолонун укмуштуу окуялары” классикалык мультфильми 3 сериядан турган. Фильмдин сюжети жөнөкөй жана баналдуу курулганына карабастан, тарбиялык мааниси чоң болуп, жаш көрүүчүлөрдү жакшы менен жаманды айырмалоого, достукка, ата-энеге болгон сүйүүгө үйрөткөн. 
1-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан