Жылнаама, 5-январь: Мындан 1 жыл мурун Кытай мечитиндеги тыгылышта 14 адам каза тапкан

* Мындан 65 жыл мурун, 1949-жылы КРнын Эл артисти Дүйшөн Байдөбөтов туулган. Актёрдун кинодогу ролдору – “Мен - Тянь-Шань” (Ильяз), “Айсулуунун талаасы” (Сабыр), “Каныбек” (Түлкүбек), “Акбаранын көз жашы” (Базарбай), “Саманчынын жолу” (Субанкул), “Кайчы жолдор” (Хан, бул фильмди актёр өзү да көрө элек) ж.б. Ал эми театрдагы ролдору – “Курманбек” (Курманбек), “Барпы ырчы” (Барпы), “Коммунист Танабай” (Танабай), “Отелло” (Отелло), “Дарак түбүндөгү махабат” (Кэбот) ж.б.
 
* Мындан 39 жыл мурун, 1975-жылы хирург, медицина илимдеринин доктору, профессор, академик Иса Ахунбаев 67 жаш курагында каза болгон. Иса Ахунбаев 1908-жылы 25-сентябрда Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында туулган. Кыргызстанда биринчи жолу жүрөккө операция жасап, көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калган Иса Ахунбаев Ташкенттеги Орто Азия мединститутун бүтүргөн. Ооруканада врач-ординатор, Кыргыз ССРинин Саламаттыкты сактоо эл комиссарынын орун басары, Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун ассистенти, доценти, кафедра башчысы, ректору, СССР ИАсынын Кыргыз филиалынын президиумунун төрагасы болуп иштеген. 300дөн ашык илимий эмгектери (анын ичинде 8 монографиясы, 3 сөздүгү) жарыяланган. Анын жетекчилиги менен 6 докторлук, 35 кандидаттык диссертация жакталган. Республикага эмгек сиңирген врач, Кыргыз ССРинин илимине эмгек сиңирген ишмер, илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыктын ээси. 3 Ардак белгиси, Эмгек Кызыл Туу, Ленин, Октябрь революциясы ордендери, медалдар жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамоталары менен сыйланган. Ал бир канча жолу эл аралык илимий жана коомдук форумдарга, хирургиялык конгресстерге катышкан. 
* Мындан 1 жыл мурун, 2014-жылы легендарлуу футболчу, португалиялык “Бенфика” клубунун жана Португалия курама командасынын экс-футболчусу Эйсебио 71 жаш курагында жүрөк оорусунан улам көз жумган. Эйсебио профессионалдык карьерасын 15 жашында баштаган. Ал карьерасында 11 ирет Португалиянын чемпиону аталган. 1966-жылы өткөн футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда 9 гол киргизип, Португалиянын курамында мелдештин коло медалына ээ болгон. 
* Мындан 1 жыл мурун, 2014-жылы Кытайдын Нинся-Хуэй автономиялуу районундагы Гуюань аймагында диний ырым-жырым аткаруу учурундагы тыгылышта 14 адам каза таап, 10 адам жаракат алган. Тыгылыш мечитке келгендерге диний ишмердин элесине арнап тамак таратып жатканда башталган. Нинся-Хуэй автономиялуу районундагы тургундардын басымдуу бөлүгү ислам динин тутушат.
5-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан