Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда 29-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан уюштурулган жаңы жылдык балаты майрамы өттү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлары Чолпон Султанбекова менен Бөдөш Мамырова катышты.
Жаңы жылдык балатыга келгендерди вице-спикер Ч.Султанбекова Жогорку Кеңештин төрагасынын жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын атынан куттуктады. “Ар жыл сайын биз Жаңы жылды чыдамсыздык менен күтөбүз. Биздин балдарыбыздын келечеги кең. Андыктан мен балдарга бардык кубанычтарды каалайм”,- дейт ал. Майрамдык иш-чарада балдар үчүн концерт уюштурулуп, аларга белектер тапшырылды.