Бүгүнкү күндөн тарта Жаңы жыл майрамына карата шаардыктардын жана шаар конокторунун коопсуздугуна 2 миң милиция кызматкери көз салат. Ошондой эле "Тез жардам" кызматы да күчөтүлгөн тартипте иш алып бармакчы. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 30-31-декабрда борбордук "Ала-Тоо" аянтына жаңы жылдык тарсылдактарды алып келип аттырууга жана алкоголдук ичимдиктерди алып келүүгө жана сатууга тыюу салынды.
Белгилүү болгондой, жалпы өлкө аймагы боюнча милиция кызматкерлери 29-декабрдан 4-январга чейин күчөтүлгөн тартипте иштемекчи.