Баш калаадагы борбордук аянтты жана Жаңы жыл түнү эл көп чогулуучу жерлерди таштандыдан тазалоо иштери 1-январда түнкү саат 02:00дөн тартып жыйнала баштайт. Бул иштерге “Тазалык” муниципалдык ишканасынын 500гө жакын жумушчусу тартылмакчы. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчилиги, ошондой эле баш калаанын бийлик жетекчилери 1-январь күнү тазалыктын камсыз болушун көзөмөлдөшөт.