Түштүк аймакта 18 орундуу Балдардын онкогематология бөлүмү ишке берилди

Өлкөнүн түштүк аймагында 18 орундуу Балдардын онкогематология бөлүмү ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган бөлүм КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун "КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Ош облустук онкология жана гематология балдар ооруканасынын базасында бөлүм ачуу жөнүндөгү" биргелешкен буйругу менен ачылды. Бул буйрукка ылайык, түштүктөгү онокогематологиялык бейтап балдарга жардам берүүнү жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүп, аны менен бирге Бишкек шаарындагы Онкологиялык жана гематологиялык балдар бөлүмүнүн түйшүгүн жеңилдетмекчи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан