Бишкекте майып балдар үчүн балаты майрамы уюштурулду

Бишкектеги "Оберег" реабилитациялык борборунда балдар үчүн балаты майрамы уюштурулду. Борбордо дарыланып жаткандар ата-энелерине жана иш-чарага келген конокторго концерттик программа тартуулашты. Бул тууралуу 30-декабрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Саамалыкка шаардык кеңештин депутаты Станислав Епифанцев менен шаардын вице-мэри Айгүл Рыскулова катышты. Жогорудагы борбордо 5-40 жаштагы I жана II топтогу майыптыгы бар 40 адам бар. Алардын 16сы аталган мекемеде жашап келишсе, калгандарын туугандары алып келип турушат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан