Кечээ, 29-декабрда Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Барак анклавынын жашоочуларына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан гуманитардык жардам берилди. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун аймагында жашаган барактыктарга гуманитардык жардамдын бир бөлүгү таратылса, бир бөлүгү Барак анклавына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин унаалары менен бүгүн жеткирилмекчи. Жалпысынан гуманитардык жардамда 10 тонна ун, 54 тонна көмүр, картошка, май, күрүч жана макарон бар.