Бишкекте музыкант Аяз аталар жана бийчи Кар кишилер карнавалга чыгышты (фото)

Бүгүн, 31-декабрда Бишкек шаарында борбор калаанын мэриясы уюштурган жаңы жылдык карнавал өттү. Анда музыкант Аяз аталар, бийчи Кар кишилер, мультфильмдердин каармандарына айланган артисттер катышышты.
Парад Чүй - Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде башталып, "Ала-Тоо" аянтында аяктады. Карнавалдын жүрүшүндө катышуучулар мэрия, Ак үй, Профсоюздар үйү жана башка мамлекеттик мекемелердин алдынан өтүштү. Ал эми аталган аянтта концерт менен улантылды.
Айта кетсек, иш-чаранын жүрүшүндө Жол-кайгуул кызматы Чүй проспектисин убактылуу жаап, тартипти көзөмөлдөп турушту.
"Ала-Тоо" аянтындагы жаңы жылдык майрам
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
dinooou
2014-12-31 15:34:18
Кана кар? Кыш болбой эле аяз ата келип алган го)))
-2
kama_future_millioner
2014-12-31 15:44:54
Кышыбыз кыштай кызыбыз кыздай болбой калдыгоо же кар жок жаңы жылда
-2
Tukeler
2014-12-31 20:16:45
kama_future_millioner, ооба эркектер эркектей болуп атасынар,тим эле жыргатып атасынар,кышка кыздын эмне тиешеси бар,майрам жонундо соз болуп атат ко,кыздын имне кереги бар бул жерге,тиешелуу нерсени жазгылачы,
0
Shah
2014-12-31 17:01:27
Кудайыма шугур кар жаабаса да. Жарык нур бергенине. Пендебиз да эч нерсе жактырбай
+2
Deniza88
2014-12-31 17:20:48
Соонун болуптур. Шугур кылгылачы наалый бербей. Ошто парад болуптур десе Тим эле 600 коммент болуп кетмек ..
Тынчтыкта, токчулук та жашаганга не жетсин
0
baba.
2014-12-31 18:21:05
мурдакы жылга салыштырмалуу жакшы еле шугур кылалы ушунчалыгына.
0
Taalai_kg
2014-12-31 20:38:53
кышыбыз кыштай болбой жатат буга да бийликтегилер куноолу дебейсинерби ушул кышка ушул жаны жылга аман эсен жетип келгенибизге шугур кылсанарчы ар бир минутубузду майрамдай откузушубуз керек
-1
dinooou
2014-12-31 23:00:59
Ааа ошондой беле) Мен банктан очередь алып акча салганга күчүм жетпейт экен жок дегенде кар салып жиберсемби деп отурсам;D
0
adinai13
2015-01-01 14:18:06
Майрам эле боло берсин эл журт эч качан жамандык корбосун
+1
Beka1986
2015-01-01 15:09:52
Ооо соонун болуптургооо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан