Ош шаарындагы жаңы жылдык кечеге 10 миңден ашуун адам катышты

Ош шаарында Жаңы жыл майрамы борбордук аянтта балдар үчүн атайын оюн-зоок, концерттик программа менен ачылды. “Ободо Ош жөнүндө обондуу ырлар жаңырат” аттуу чоң программадагы концерт белгилүү эстрада жылдыздары, куудулдардын катышуусунда өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, майрамдык салтанатта шаардагы окуу жайлардын жетекчилери, студенттер көркөм чыгармачылык өнөрлөрүн көрсөтүшүп, ар бир окуу жайдан Аяз ата, Аяз кыз, жомок каармандарынын костюмдар парады, концерттик программасы тартууланды. Ошондой эле Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Улан Примов, Орусия Федерациясынын, Кытай Эл Республикасынын консулдары калаа тургундарын Жаңы жыл майрамы менен куттуктап сөз сүйлөштү.
Майрамдык иш-чаранын алкагында, фейерверк, жаңы жылдык салюттар атылып, шаар жаштары жана меймандары үчүн заманбап ырлардын жаңыруусундагы дискотека менен аяктады. Жаңы жылдык майрамга 10 миңден ашуун шаар тургундары жана меймандары күбө болушту.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Beksultan01
2015-01-01 15:13:07
Эн кызыксыз, эн начар жаны жыл - Ош шаарында болду. Саат 9да эле бутту деп шаар тургундарын милициялар айдап чыга башташты. Мага такыр жаккан жок.
+3
beast
2015-01-01 15:36:29
мелис жок жаккан жок
+1
uefamif
2015-01-01 17:09:06
Жакшы. Ошто дагы кандай жанылык?
0
АйАй
2015-01-01 17:52:44
Жаныбарлардын кийимин кийгендер жада калса Аяз аталарыда 20сомдон акча алып анан суротко тушуп жатышты. Ушунча уюуштурушуптур жок дегенде жомоктун каармандарын жаш балдарга бекер эле суротко тушуртуп койсо болмок (((((
0
killer-star
2015-01-01 20:32:35
Мелистин убагында майрамдар аябай сонун болуп отчу.ОШ шаары кундон конго гулдоп ЭЛ Мелис менен сыймыктанчу.ОШто жургондун озу керемет еле.Азыр болсо таптакыр башкача кызыксыз да
+3
uulay
2015-01-02 11:28:05
Тан атканча майрамдачу элек го илгери,башы которулгонун киргизе тебет ошол учун бирибиз эч качан эки болбойт да
+1
danik0101
2015-01-02 12:12:47
Эн жакшы майрам болду чиркин! Саат 12де Оштун борбордук аянтында тосоюн деп саат 22:30 дар чамасында достор менен барсак, милиция кызматкерлери элди митингден коолагандай ышкырыктары менен кууп жатышыптыр балаты жанып турчу беле же озу ошондойбу, карайып эле чон бир нерсе турат?
+3
Bekzamann
2015-01-03 10:17:04
Мелес болгондо чиркин сонун болмок...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан