2015-жылдан баштап Бишкектин тургундарын флюорографиялык бөлмөсү бар унаа тейлейт

2015-жылдан баштап Бишкек шаарынын жашоочуларын жана жаңы конуштардын тургундарын флюорографиялык бөлмөсү бар унаа тейлейт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Бишкектеги Саламаттыкты сактоо департаменти менен "Цадмир" ЖЧКсы медициналык унаа алуу боюнча 10 жылга келишим түзүшкөн. 

Унаа заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалган. Анда флюорография-рентгендик стационардык аппарат, бактерициддик лампа, кондиционер жана эмеректер бар. Ал январь айынан тартып жаңы конуштардагы калкка кызмат көрсөтө баштайт. Дарыгерлердин айтымында, мындай шарт кургак учукту дарылоого жардам берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dadasdasd
2015-01-01 14:26:29
Жакшы, кубанаарлык.
+2
uulay
2015-01-01 17:09:02
Туура канча адам озунун ооруганын билбей журот
+2
nurkojo
2015-01-01 18:57:50
Ма Шаа Аллах
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан