Чаткалда жабылган унаа жолу толугу менен ачылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 5-январда билдирди.
Маалыматка караганда, 3-январь күнү саат 15:00 чамасында Ала-Бука - Жаңы-Базар - Киров унаа жолунун 88-чакырымында 900 чарчы метр кар көчкү түшүп, унаа жолу жабылган. Аны тазалоого 1 бульдозер, 1 жүктөгүч тартылып, унаа жолу саат 16:00дө толугу менен ачылды.