Айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу Балык чарба департаментинин адистери Ысык-Көл жана Соң-Көлдө мыйзамсыз балык кармоого каршы рейд жүргүзүшүүдө. Аталган министрликтен билдиришкендей, 2014-жылы департамент тарабынан 115 рейд уюштурулуп, 40 акт түзүлгөнү жана 2542 даана балык кармоочу тор алынган. 10 факт боюнча укук коргоо органдары иликтөө иштерин жүргүзүп жатканы айтылды. Кудайберген уулу Өмүрбек аттуу жаранга карата Жумгал райондук соту чечим чыгарып, аны 359 550 сом айып пул төлөтүүгө милдеттендирген.
2014-жылдын акыркы 3 айында балык чарба тармагындагы мыйзамды бузганы үчүн 259 570 сомдук зыянды төлөтүү боюнча доо арыз берилген (жыл ичинде жалпы 1 миллион сомдук доо арыз берилген).