Бишкек-Балыкчы унаа жолун оңдоонун алкагында 2014-жылы трассанын 20 чакырымына асфальт төшөлдү. Транспорт жана коммуникация министрлиги билдиргендей, аталган жолду оңдоого 38 миллион доллар каралган. Буга чейин аталган сумманын 24 миллион 865 миң доллары же жалпы сумманын 65 пайызы бөлүнгөн (Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы каржылоодо). "Жолду толук оңдоо иши 2015-жылы аяктайт",- деп билдирди министрлик.
Айта кетсек, аталган трассанын 147-172-чакырымы жаңыланууда.