Парижде 70 жылдан бери эч ким жашабаган үй 2 миллион еврого бааланууда

Парижде 70 жылдан бери эч ким жашабаган үй табылып, 2 миллион еврого бааланууда. Анда ХХ кылымдын 30-жылдарындагы буюмдар, эмеректер сакталып, ал батирде убакыт токтоп калгандай таасир калтырган. 
Үйдүн кожойкеси Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда улутчулдардан Франциянын түштүгүнө карай качып кеткени маалым болгон. Белгисиз себептерден улам ал Парижге кайтып келген эмес. Бирок коммуналдык кызматтар үчүн төлөп келген. 2010-жылы үйдүн ээси 91 жашында каза болгондо мураскерлер батирдеги буюмдардын баасын билүүгө кызыгып, адистерге кайрылышкан. 
Көп буюмдардын арасынан эксперттердин кызыгуусун жараткан кызыл көйнөкчөн айымдын сүрөтү аукциондо 2,1 миллион еврого сатылган. Ал декаданс эпохасындагы италиялык классик Жованни Больдиниге таандык сүрөт болгон. Анда Марта де Флориан аттуу актриса тартылып, бөлмөдөн актрисага келген бир нече сүйүү каттары да табылган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
KIPCHAK-KALMAK
2015-01-05 14:37:47
Француздар ошондо эле культурага кыззыккан екени билинип турат
0
ermeg
2015-01-05 14:56:32
KIPCHAK-KALMAK, искусствого
+1
aikow92
2015-01-05 15:03:36
Сонун мага жакты. Элестетип кеттим мага чон энем бир ачкычты берип боз уйду корсотсо... мен кирип ииий сонун кыргыздын буюмдарына ээлик кылып калсам кана :)
+1
suiuktuujar
2015-01-06 12:26:14
Музей сыяктуу уй экенго.
0
kg.sity93
2015-01-07 01:53:39
Кооз го озунчо эле.уйун аябай бапестеп жашаган го сыягы
0
mersedes2013
2015-01-09 02:34:00
20-кылымдын 30чу жылдарында ушундай жашаса...,бул уй кандай адамдын уйу болгон мага кызык да, ак соок адамдын уйу болгонбу ?Кантсе да биз Кыргыздар бир топ аркада турбайбызбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан