
* Мындан 59 жыл мурун, 1956-жылы мамлекеттик ишмер
Жантөрө Сатыбалдиев Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылында туулган. 1979-жылы Фрунзе политехникалык институтун бүтүргөн. Эмгек жолун Алай жол-курулуш башмармалыгында мастер, прораб болуп баштаган. Жантөрө Сатыбалдиев 2012-жылдын 6-сентябрынан 2014-жылдын 25-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп иштеген.

* Мындан 29 жыл мурун, 1986-жылы орусиялык модель
Ирина Шейк Орусиянын Челябинск облусунун Еманжилинск шаарында туулган. Толук аты-жөнү - Шайхлисламова Ирина Валерьевна. Ирина Шейк
2004-жылы Челябинскте өткөн сулуулар сынагына катышып, жеңүүчү аталган. Ошондон тарта моделдик индустрия аны өзүнө тартып, Гия Жикидзе аттуу модельердин сунушу, жардамы менен жергиликтүү сулуулук агенттигинде иштөөгө киришет. 2005-жылы Европада өз талантын көргөзүп, кийинчерээк АКШга аттанып, белгилүү бренддердин жүзү болууга жетишкен. 
* Мындан 1 жыл мурун, 2014-жылы Нигериянын борбордук бөлүгүндөгү Шононг кыштагына баскынчылар чабуул жасашып, натыйжада 30 адам каза тапкан. Каза болгондордун басымдуу бөлүгү аялдар жана жаш балдар болгон. Баскынчылардын тобу эртең менен кыштактын жашоочуларына карата ок чыгарып, үйлөрүн өрттөп, малын айдап кетишкен. Аталган өлкөдөгү укук коргоочу уюмдун билдирүүсүндө, 20 жыл ичинде 10 миңден ашуун адам жогорудагы сыяктуу конфликттерден улам каза болгон.

* Мындан 1 жыл мурун, 2014-жылы “Венесуэла сулуусу-2004” наамынын ээси
Моника Спир жана анын күйөөсү, Ирландиянын жараны
Томас Беррини жолдон өлтүрүп кетишкен. Моника Спир эмгек өргүүсүнө чыгып, мекенине жолдошу жана 5 жаштагы кызы менен эс алууга келген. Полиция кызматкерлери алардын киши колдуу болуп каза табышканын билдиришкен. Алар машинадан жубайлардын жансыз денесин жана октон жаракат алган кызын табышкан. Бутунан жаракат алган кыз ооруканага жеткирилген.