Африка. Эболаны жуктургандардын саны 20 миңден ашып, 8 миңден ашуун адам каза тапты

Дүйнө боюнча Эбола вирусун жуктургандардын жана андан каза тапкандардын саны күн санап өсүүдө. Бүгүнкү күндө аталган вируска чалдыккандар 20 700 адамды түзсө, андан каза болгондор 8220га жетти. Бул тууралуу бүгүн, 7-январда чет элдик маалымат каражаттары Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна шилтеме берүү менен билдиришти. 

Учурда Гвинея, Либерия жана Сьерр-Леондо абал курч бойдон сакталууда. Сьерр-Леондо Эболаны жуктуруп алгандардын саны 10 миңге жетсе, андан көз жумгандар 3 миңге жетти. Либерияда бул илдетти 8100 адам жуктуруп, 3500ү каза тапты. Ал эми Гвинеяда Эболаны 2775 адам жуктуруп, 1781и каза болгон.

Ошондой эле бул миңдеген адамдын өмүрүн алган коркунучтуу вирус Мали, Нигерия, Синегал, Испания, Улуу Британия жана АКШда да катталган. Бул өлкөлөрдө Эболаны жуктургандардын саны 10 адамдан ашкан жок. Бул илдет менен эң көп катталгандар Нигерияда болгон. Ал жакта Эбола вирусу менен 20 адам катталып, анын ичинен 8и көз жумган.  

Эске салсак, 2014-жылдын октябрь айында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Эболадан жаңы вакцина жасаларын айткан. Ал өз сөзүндө: Вакцина илдет чыккан Батыш Африкада январда сыналат. Ошондой эле оору катталган аймактан тыш жактарда 2015-жылдын башынан тарта сыналат”,- деп билдирген. Бирок, тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин бул илдетке каршы эч кандай вакцина чыга элек. Ал эми андан көз жумгандардын саны көбөйүүдө. Аны жуктургандардын саны да күн санап өсүп жатат.

Белгилүү болгондой, өткөн жылдын декабрь айында Эбола вирусун жуктургандар 18 464тү, андан каза тапкандардын саны 6841ди түзгөн эле. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
balykchy2012
2015-01-07 12:45:11
Аллах озун сакта жан Аллах!
0
brend007
2015-01-07 12:56:29
Кудай сактай кор. Бул ооруну АКШ ойлоп чыгарды деген соз чынбы же калппы?
0
Dadasdasd
2015-01-07 13:10:33
brend007, ошол аймакка АКШ 3000 аскерин киргизгени кабарланган.
0
nazi25
2015-01-07 13:19:53
Кудай сактай кор.Тезирээк эле дарысы табылса экен.
0
damirbek.seiil
2015-01-07 13:26:35
Оо кудайым ай озун сактай кор. Кыргызстанга келбесе екен.
0
SULUU-KYZ
2015-01-07 14:30:30
Кудайым озун сактай кор!!!
0
vangolu
2015-01-07 14:43:23
Пейилди ондойлу.баскан турган жолубузду ондойлу.Кудайдын каргышына калбайлы.
0
Nurmuhammad
2015-01-07 14:43:28
АКШ,Испания,Англияда катталган дегенге ишенбегиле бул жон эле жомок. Мунун баарын еврейлер жасап жатат,бул адам затын тымызын жок кылуу саясаты!
+2
kalbek87
2015-01-07 15:38:51
Биздин чиновниктер жуктуруп албаса экен ушул вирусту
+2
zarlyk2211
2015-01-07 15:50:01
Кудайым сактасын.
0
kg.sity93
2015-01-07 18:42:20
Кудай сактасын.эбола жоголуп кетсин
0
muslim7
2015-01-07 19:27:42
Кыргызстандагы аэропорттор, вокзалдар ушуну текшерип жатышабы? кандай даярдыкта? супер инфо маалымат берип коюнчу
0
admin_portal
2015-01-08 09:28:40
muslim7, Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
0
KIPCHAK-KALMAK
2015-01-08 01:22:48
Кудай сактасын
0
sovet88
2015-01-08 07:53:59
Акш да жуктуруп алганы чын, 2 киши каза тапкан.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан