Жылнаама, 8-январь: Мындан 9 жыл мурун балбан Раатбек Санатбаев киши колдуу болуп көз жумган

* Мындан 9 жыл мурун, 2006-жылы Кыргызстандын XX кылымдагы мыкты балбаны аталган Раатбек Санатбаевди борбордун 7-кичи районундагы күркөлөрдүн биринен сүт алып бейкапар чыгып келе жаткан жеринен атып кетишкен. Раатбек Санатбаев Ош шаарында 1969-жылы 7-майда үй-бүлөдөгү экинчи уул болуп төрөлгөн. 5-6-классында борбордогу спорттук мектеп-интернатта окуп калып, аны аяктаган соң Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтуна тапшырган. Ошентип, спорт дүйнөсүнө аралашып, көптөгөн ийгиликтерге жетишкен.
 
* Мындан 80 жыл мурун, 1935-жылы рок-н-роллдун падышасы, америкалык ырчы жана актёр Элвис Пресли Американын түштүгүндө, Миссисипи штатында туулган. Ырчылык таланты бала кезинен эле билинип, бирок ырдоо манерасы башкача болгон. Кийин Элвистин дал ошол ырдоо манерасын, ошол үнүн элдин баары жактырып, өсүп-чоңойгон Мэмфис шаары эле эмес, бүт Американын жаштары Элвисти туурап ырдай баштаган. Кийин Голливудга келип, катардагы ырчыдан бүт Америка менен Европа сыйынган эстрада кумирине чейин жеткен. Элвистин атак-даңкы, дүйнөлүк аброю зор болгондуктан, АКШнын президенти Ричард Никсон аны менен атайын жолугуп, "жаңы муундун жаштарын жакшы жакка тарбиялоого жардам бериңиз" деп суранган. Ошентип, Американын маданий кумирине айланган, дүйнөдөгү эң эле атактуу музыка чеберлеринин бири катары таанылган улуу ырчы Элвис Пресли 1977-жылы 16-августта 42 жашында туулуп-өскөн шаары Мэмфисте каза болгон. Преслини акыркы сапарга узатууга 80 миң киши катышып, бүт Америка аза күткөн.
* Мындан 19 жыл мурун, 1996-жылы Конгонун борбору Киншаса шаарынын аэропортунан учарда Ан-32 учагы көтөрүлө албай, аэропорттун жанында жайгашкан базардын аймагына кирип кеткен. 237 киши каза болуп, 500дөй адам ар кандай жаракат алган. 
8-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан