11 жыл бою дайынсыз жүргөн кыргызстандыкты кызы издеп, Красноярскиге алып кетүү аракетин көрүүдө

Буга чейин 11 жыл бою дайынсыз жүргөн кыргызстандык Муса Маматов Орусияда туруктуу үйү жок жашап келгенин SUPER.KG порталы жазган эле. Анын туугандарын табууга жардам сурап кайрылуу түшкөндөн кийин аталган жарандын 19 жаштагы кызы Аяна Красноярск шаарынан байланышка чыккан. Эми ал атасын таап, өзү жашаган шаарга алып кетүүгө аракеттерди көрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда Орусиянын Бурятия Республикасынын Улан-Удэ шаарындагы кыргыз диаспорасынын кеңешчиси Алымбек Абжамилов билдирди.
Анын айтымында, ошол кыз жакынкы күндөрү атасын издеп таап, алып кетерин билдирген. "Анткени ал март айында турмушка чыгат экен",- деди мекендеш.
Эскерте кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында 11 жыл бою дайынсыз жүргөн кыргызстандык Маматов Муса Карабаевич тууралуу маалымат чыккан. Ал 1964-жылы 13-февралда туулган, апасы Оштун Жапалак айылында борбордук мечиттин артында жашайт. М.Маматовдун айтуусу боюнча, апасы Калбү 84 жашта. Биринчи аялынан 2 уулу жана экинчи аялынан 1 кызы бар. Уулдары Данияр 24 жашта, Орозбек 22 жашта, кызы Аяна 19 жашта. 
Анын Бурятияда селсаяктар менен тентип жүргөндүгү да айтылган. Мекендештерибиз аны биринчи аялы менен сүйлөштүргөндө, ал айымды сөгүп, "кызымды тапмайынча мага чалба" деген. Учурда Муса Маматов кайда экени белгисиз.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
nur-patriot
2015-01-08 09:51:38
өзүнчө сериал болуп кетти го . биздин режиссерлор тасма тартса болгудай
+3
temirov76
2015-01-08 10:42:03
nur-patriot, туура айтыпсын идеян мага да жакты,бул окуяга кино тартса узун метраждуу эле 1 кино чыгат
+2
RNA78
2015-01-08 10:47:29
"Муса Маматовдун кызы Аяна Красноярск шаарынан табылды." Тушунбодум кызы жоголгонбу же атасыбы?
+2
nur-patriot
2015-01-08 10:50:41
RNA78, башында атасы айткан да аялына "кызымды тапмайынча мага чалба" деп. Ошо, кызы эми табылды. Жакында атасын издей баштайт экен.
+2
aziz.k
2015-01-08 11:11:47
Аяна экинчи аялынан болчу
+2
Beise
2015-01-08 11:49:02
Кызына уйбулосуно чон ракмат1
+2
uulay
2015-01-08 12:17:26
Алла раазы болсун. Кандай абалда бсо дагы ал сенин атан! Бактынды берсин!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан