КРнын Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев кечээ, 7-январда Ош шаарындагы жана облустун башка аймактарындагы ооруканалардын абалы менен таанышып чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Талантбек Батыралиев ооруканаларды текшерүү учурунда ал жактагы ооруканалар санитардык талаптарга жооп бербестигин белгилеп, нааразылыгын билдирди. Ошондой эле министр бейтаптарды дарылоо жана аларга кам көрүүдө медициналык эрежелер бузулуп жаткандыгын айтып, ооруканалардын жетекчиликтерин айыптады.