Акыркы жылдарда дүйнөнүн ар кайсы бурчтарында ислам динине байланыштуу теракттардын уюштурулушу күч алууда. Кечээ Йемен жана Франция мамлекеттеринин борбор шаарларында орун алган жардырууларда 60тан ашуун адам мерт болду. Бүгүн, 8-январда SUPER.KG порталына Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Асан Саипов динге байланыштуу жардыруулар тууралуу пикирин билдирди.
"Париждеги теракт - мусулмандарды терс жактан көрсөтүүнү каалагандардын оюну. Балким, ошол эле Америка же Израиль жасап жаткандыр... Бул терроризмди күчөтүүнүн бир жолу. Мындан кандайдыр бир уюмдар акча табышат. Кантип чоң мамлекеттин полициялары ушундайга жол берип коюшсун? Эки куралчандын бири гранатомёт менен келгени айтылууда. Буларды полиция кызматкерлери кантип көрбөй калышат?"- деди Саипов.
Мындан тышкары ал аталган басылма Мухаммед пайгамбардын карикатураларын жасагандыгы күнөө иш экенин баса белгиледи. "Албетте, пайгамбарыбыздын жүзүнүн сүрөтүн басып чыгаруу туура эмес. Ошол эле учурда мусулмандар Иса пайгамбарды ошентип жамандашпайт. Анткени ислам ааламында Иса пайгамбарды Мухаммед пайгамбарыбыздай карайбыз",- деп түшүндүрдү А.Саипов.
Эске салсак, Йемендин борбору Сана шаарындагы Полиция колледжинин алдында унаа жарылып, 50дөй киши каза тапкан.
Ал эми Франциянын борбору Париж шаарында теракт орун алган. Террорчулар "Charlie-Hebdo" ("Шарли-Эбдо") сатиралык журналынын кеңсесине кирип, кызматкерлерди аткылап, качып кетишкен. Анын кесепетинен 12 адам курман болгон. Францияда 3 күндүк аза күтүү жарыяланды.