Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейиндеги материалдар 20 жылдан бери жаңыланган эмес

Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейиндеги кыргыздын тарыхын чагылдыруучу материалдар 20 жылдан бери жаңыланган эмес. Андагы экспонаттарды толуктоо үчүн 55 миллион сом талап кылынат. Мындай маалыматты Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов айтты. Аталган министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, 5-февралда министр Ибрагим Жунусов менен ЖКнын депутаты Ахматбек Келдибеков музейдин абалы менен таанышып келишти. Ибрагим Жунусовдун айтымында, андагы Лениндин айкели жана Совет дооруна тиешелүү болгон буюм-тайымдар көпчүлүк көрүүчүлөргө жакпайт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан