Өкмөттүн резервдик фондунан Ош облусунун 2 аймагына ун жөнөтүлдү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Материалдык резервдик фондунан бөлүнгөн ун Ош облусунун 2 аймагына жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагына 50 тонна жана Кызыл-Жар айыл аймагына 100 тонна ун жеткирилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 3 КамАЗ жана 3 Хово унаасы бөлүнүп, 8-январда аталган аймактарга жөнөп кеткен. Эске салсак, буга чейин Алайкуу өрөөнүнө да 70 тонна ун жеткирилген.

Белгилүү болгондой, өкмөткө караштуу Материалдык резервдик фондунан бөлүнгөн ундар КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы “Жардам көрсөтүү” жөнүндөгү №1062-буйругуна ылайык аткарылууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан