Бишкекте бүгүн, 9-январда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Ислам биримдиги жана моралдык-нравалык тарбия: Кыргыз Республикасында ислам таануу багытындагы изилдөөлөрдүн келечеги» аттуу темада эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Маалым болгондой, конференция Кыргыз Республикасындагы Иран Ислам Республикасынын элчилигинин маданий өкүлчүлүгү, Кыргыз Республикасынын К.Дыйканбаев атындагы Дипломатиялык академиясы жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын колдоосу менен ишке ашууда.
Иш-чарада коомду калыптандыруунун моралдык-нравалык аспектилери, жаш муундарды моралдык-нравалык жактан тарбиялоо, конфликттерди жеңип өтүү жана мусулмандар биримдигин чыңдоо, диний тирешүүлөрдөн оолак болуу сыяктуу маселелер бүгүнкү күндөгү исламдык этикалык ойлордун, ислам таануунун, куран таануунун, дин таануунун өнүгүү тажрыйбасын философиялык-теориялык жана тарыхый-маданий жактан аңдап түшүнүүнүн алкагында каралат. Конференция кыргыз жана чет элдик адистердин мусулман цивилизациясынын моралдык-этикалык мурасын, маданиятын изилдеп үйрөнүү тармагында эриш-аркак иштешин активдештирүү максатын көздөйт.