Бүгүн, 9-январда Бишкекте Франциянын борбору Париж шаарында орун алган террордук акттын кесепетинен курман болгон француз журналисттерине көңүл айтуу максатында тынч митинг уюштурулду. Иш-чарага 20 чакты ММКнын өкүлдөрү катышышты. Кабарчы Юрий Копытиндин айтымында, Париждеги окуяны коомчулук жакынкы арада унутпайт, талкуулар болот. "Менин оюмча, диний фанаттар адам өлтүрүүгө барбай, карманышса болмок",- деди журналист.
Кыргызстандагы Франциянын элчисинин жардамчысы Ренэ Жюбило журналисттер менен жолугушууга чыгып, кайгылуу окуяга кайдыгер карабай, кайгысын тең бөлүшкөнү үчүн митингдин уюштуруучуларына жана катышуучуларына француз элинин атынан ыраазычылык билдирди. "Теракт француз элинин биримдигинин, ынтымагынын мындан ары да чыңалуусуна шарт түзөт",- деди ал.
Андан соң Кыргызстандын медиа тармагынын өкүлдөрү каза болгон кесиптештеринин жакындарына көңүл айтышып, колундагы калемдери менен атайын ачылган дептерге ой-пикирлерин жазышты.