Спорт агенттиги кышкы каникул учурунда окуучуларга ат минип эс алууну сунуштайт

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги 19-январга чейин кышкы каникулга чыккан мектеп окуучулары үчүн эс алуунун бир түрүн сунуштайт. Тактап айтканда, 9-январдан 19-январга чейинки аралыкта окуучулар атка минип эс ала алышат. Бул үчүн акы алынбайт. Муну аталган агенттиктен кабарлашты.

Өлкөдө ат спортун жайылтуу, мектеп окуучуларын сергек жашоого үндөөгө багытталган иш-чаранын жүрүшүндө уюштуруучулар атка туура минүү эрежелерин көрсөтүп, жылкы тукумуна байланышкан кызыктарды айтып беришет.  

Окуучуларга атка минүү мүмкүнчүлүгүн түзгөн акция Олимпиадалык резервдин ат спорту боюнча адистештирилген мектебинде өтөт (дареги: Элебесов көчөсү, 204 “А”). Ага 11 жаштан 17 жашка чейинки курактагы окуучулар бара алышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
4ever_Young
2015-01-09 12:05:26
Андай жайлар барбы КРде?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан