Ош. Мектептерде жазылбай калган, эскилиги жеткен такталар алмаштырылат

Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу бардык мектептердеги эски такталар (доска) алмаштырылат. Аталган башкармалыктан кабарлашкандай, учурда мектептердеги ар бир класста илинип турган такталардын эскилиги жетип, сабак учурунда жазууда бор жукпай, мугалимдерге бир топ түйшүк жаратып келет. Мугалимдерге жана окуучуларга ыңгайлуу шарт түзүү максатында эми заманбап такталар алынат.

Эске салсак, 2014-жылдын 31-декабрь күнү окуу-тарбия иштеринде мыкты иш алып барган алдынкы 12 мектепке интерактивдүү такталар берилген. 2015-жылы да мектептерди интерактивдүү такталар менен камсыздоо улана бермекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан