7-январда АКШнын абройлуу деп саналган басылмаларынын бири Кыргызстанга байланыштуу макаласында биздин мамлекетти "Кырзбекистан" деп атап койгон. Бул катаны байкап калган башка америкалык басылмалар жана интернет колдонуучулар басылманы мазактап башташкан.
Сынга алынган соң ката кетирген маалымат каражаты интернет-версиясында Кыргызстандын аталышын тууралап, тактоо киргизип, "Кырзбекистан деген мамлекет жок" деп кошумча маалымат тараткан.
Айта кетсек, аталган макала 2000-жылы Памир-Алай тоосунда согушчандардын туткунуна алынган альпинистке арналган.