Өткөн жылы өлкө аймагында карышкыр атуу боюнча 49 топ түзүлгөн. Анын курамына айыл өкмөттөрү жана мергенчилер кирген. 2014-жылы мергенчилер тарабынан 814 карышкыр атылган. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда Аңчылык департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өткөн жылы карышкырлардын малга кол салуусу көп катталып, анын жалпы чыгымы 40 миллион сомдон ашкан. Карышкырдан сырткары 406 чөө да атылып жок кылынган. Ал эми жаңырган жылдан бери 26 карышкыр жана 28 чөө атылган.