Ош шаарында 2014-жылы 4468 жолбун ит атылган. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда “Ош Тазалык” ишканасынын маалымат катчысы Гүлмира Калыкбердиева билдирди.
“2013-жылдын 11 ай аралыгында 3145 жолбун ит атылган. Жолбун иттер шаар тургундарына коркунуч туудуруп жаткандыгынан улам атылган. Ит атууга “Ош Тазалык” ишканасынан 2 мергенчи, ок-дарылар жана унаа бөлүнүп берилген”,- дейт Г.Калыкбердиева.