Аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу эртең, 10-январда Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" АККнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Власов, Месарош, Дэн Сяопин, Кара-Кум көчөлөрүндө, Улахол тар көчөсүндө, Бакай-Ата конушунда көмөк чордондун оңдолушуна байланыштуу электр жарыгына чектөө киргизилет.
Саат 09:30дан 13:00гө чейин 4-кичи районундагы №1, 5, 7, 8-көп кабаттуу үйлөрдө башкы эсеп алуучу жабдууларды оңдоо жана №1213, 101-көмөк чордондорун оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.
Ошондой эле саат 09:00дөн 17:00гө чейин Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылындагы Горький, Ленин, Подгорная, Южная, Советская, Колхозная, Нарынская, Бегельдинов, Ала-Тоо, Кооперативная, Больничная, Аптечная, Первомайская, Каракол, Ай-Булак көчөлөрүндө, Зелёная тар көчөсүндө электр жарыгы өчүрүлөт.
Саат 11:00дөн 14:00гө чейин Восток айылындагы Ленин, Советская, Энгельс, Мирная, Сейтек, Семетей, Кыргызстандын 60 жылдыгы, Озёрная, Степная көчөлөрүндө, Лебединовкадагы Мичурин, Восточная, Северная, Чапаев, Киров, Комсомольская, Октябрьская, 8-Март, 9-Май, Пионерская көчөлөрүндө, Ленин, Победа чоң көчөлөрүндө “Кашка-Суу” жана “Нур” көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.