10-январда түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тайгак болот. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда күн ачык болот, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +4°C, түнкүсүн -6°C
Талас облусу. Күндүз +3°C, түнкүсүн -8°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +6°C, түнкүсүн -5°C
Баткен облусу. Күндүз +6°C, түнкүсүн +1°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +4°C, түнкүсүн -9°C
Нарын облусу. Күндүз -12°C, түнкүсүн -24°C
Бишкек шаары. Күндүз +1°C, түнкүсүн -4°C