Аба ырайы, 11-январь: Өлкөнүн тоолуу аймактарында жамгыр, кар жаайт

11-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан, кар жаайт, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет.

Чүй облусу. Күндүз +6°C, түнкүсүн -7°C

Талас облусу. Күндүз +6°C, түнкүсүн -8°C

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +9°C, түнкүсүн +5°C

Баткен облусу. Күндүз +9°C, түнкүсүн -5°C

Ысык-Көл облусу. Күндүз +4°C, түнкүсүн -6°C

Нарын облусу. Күндүз -12°C, түнкүсүн -23°C

Бишкек шаары. Күндүз +5°C, түнкүсүн -6°C

Эскертүү!

11-13-январь аралыгында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош, Бишкек-Талас, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Ала-Бука - Каныш-Кыя, Каракол - Эңилчек, Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан