12-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +2°C, түнкүсүн -7°C
Талас облусу. Күндүз +1°C, түнкүсүн -9°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +6°C, түнкүсүн -5°C
Баткен облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн -5°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +1°C, түнкүсүн -7°C
Нарын облусу. Күндүз -16°C, түнкүсүн -21°C
Бишкек шаары. Күндүз +2°C, түнкүсүн -5°C
Эскертүү!
11-13-январь аралыгында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош, Бишкек-Талас, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Ала-Бука - Каныш-Кыя, Каракол - Эңилчек, Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.