Ош. Эстакадалык көпүрөнү куруунун алкагында унаалар жана жөө адамдар жүрүүчү эски көпүрөлөрдү бузуу иштери жүрүүдө

Ош шаарынын А.Навои көчөсүндөгү асма көпүрөнү куруу иштери токтоосуз, толук кандуу жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу мэриянын шаар курулуш, муниципалдык менчикти башкаруу бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Пирматовго шилтеме берип мэриянын коомчулук менен байланыш кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, автоунаалар жана жөө адамдар жүрүүчү эски көпүрөлөрдү бузуу иштери жүргүзүлүп жатат.
“Көпүрөнү куруу үчүн үч бригадада квалификациялуу адистерден турган 68 жумушчу, атайын транспорттордо иштеген 10 адам эмгектенип жатат. Ал эми техниканын 10дон ашуун ар кандай түрү иштеп жатат. Алар асма көпүрөнүн беш тирөөчүнүн пайдубалын толук бүткөрүштү. Мындан сырткары көпүрөнүн №12-таянычтарынын колонналары монолит түрүндө куюлуп бүттү”,- деди А.Пирматов. 
Эске салсак, мэрия тарабынан курулуп жаткан эстакадалык көпүрөнүн 3 этаптан турган долбоорлоо жана курулуш иштерин аткарууга 669,6 миллион сом акча каражаты каралган, анын 115 миллион сому Ош шаарынын мэриясынын Жолдор башкармалыгына келип түшүп, курулуш иштерине сарпталып жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kg-zzzzz
2015-01-12 15:10:44
ушул копуроо бутсо аябай загруженный болотта ошончо нагрузканы котороталатбекен ушуш ничке стойкалары кудай эле сактасында
+2
kama_future_millioner
2015-01-12 15:43:18
Мелис Мырзакматов болгондо ушул көпүрөбүзда бүтмөк
+2
Doniko
2015-01-13 03:01:02
Ушунча курганга жараша бекем болсун да 1-2 жылга жетпей кулап калса кайран мээнет кайран акча эми уубакыт коргозот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан