Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарында эртең, 13-январда көмөк чордондогу оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 13:00дөн 17:00гө чейин Шопоков шаарындагы Железнодорожная, Геофизическая көчөлөрүндө жана Южный кыштагында “Александровка” көмөк чордонундагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. "Түндүк электр" ишканасы жумуш учурундагы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн алдын ала кечирим сурайт.