Орусияда 2450дөн ашуун кыргызстандык жаран кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда маалымат жыйынында Орусиядагы кыргызстандыктардын аймактар аралык коомдук бирикмесинин башчысы Алишер Маданбеков билдирди.
Анын айтымында, 2011-жылга чейин мындай көрсөткүч 100-200гө өсүп келсе, акыркы жылдары эки эсе көбөйүүдө. "Өз кесибин мыкты билген, жогорку билимдүү кыргызстандыктар кыйналбай эмгектенип жатышат. Жетекчилик кызматтарга да жетишүүдө. Ал эми орто мектепти аяктагандар мыйзамдарды билбегендиктен, визасы жок Орусияга барып, кылмыштуу топторго кирип, туура эмес жолго түшүшкөн. Ошентип, көптөгөн мекендештерибиз "кара тизмеге" киришүүдө",- деп түшүндүрдү Маданбеков.