Бүгүн, 13-январда Ош шаарындагы “Күн нуру” балдар бакчасында өткөн Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячылары үчүн январь усулдук декадасында “Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде интерактивдүү усулдарды пайдалануу аркылуу балдарды экономикалык жактан тарбиялоо” деген теманын алкагында кеңири талкуу жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анда мектепке чейинки курактагы балдарды ар тараптуу өнүккөн жана экономикалык жактан сабаттуу, чарбакер адам катары тарбиялоо учурдун талабы экенин эске алышып, тажрыйбалуу, алдынкы педагог-тарбиячылар элдик оозеки чыгармалар, макал-лакаптар, жомоктор аркылуу балдарды сарамжалдуулукка, китеп, оюнчуктарын тыкан сактоого жана демилгелүүлүккө үйрөтүүгө болорун белгилеп өтүштү. “Бөбөктөр үчүн экономика” аттуу көргөзмөлүү сабак болуп, ар бир тарбиячыга балдарды окутуу, тарбия берүү процессинде көрсөтүлгөн интерактивдүү усулдары пайдалануу милдеттендирилди.
Иш-чарага Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери жана шаардагы бала бакчалардын тарбиячылары катышты.