Жалал-Абад шаарынын аймагында 2015-жылдын 18-январына чейин орто мектептерде эс алуу убагы болгондугуна байланыштуу “Каникул” аталыштагы профилактикалык рейд жүрүүдө.
Иш-чарага Жалал-Абад ШИИБинин өздүк курамы жана шаардык мэриянын социалдык кызматкерлери катышып жатат.
Алгач шаар мэриясынын алдындагы Кайрымдуулук борборунун селсаяктар үчүн атайын жатаканасы текшерилди. Анда облустун ар кайсы райондорунан келген, өздүк документтери жок, үйүнөн качып чыккандар жашашат. "Шаардык бюджеттин эсебинен аларга күнүнө бир маал ысык тамак берилип, мончого түшүрүлүп жана кийим-кечектер таратылып турат",- деп билдирди Кайрымдуулук борборунун директору Талант Касымов.