13-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 818 миллион метр кубду түзүүдө. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Суу сактагычка учурда секундасына 152 метр куб суу агып кирсе, 2014-жылы ушул маалдагы көрсөткүч 159 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундасына 569 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 723 метр куб болгон.
Эске салсак, өткөн жылы 13-январда суу сактагычтагы суунун көлөмү 12 миллиард 820 миллион метр кубду түзгөн.