Өткөн жылы "Түндүк электр" ишканасынын товардык продукциясы 5,1 миллиард сомду түздү

Өткөн жыл ичинде "Түндүк электр" ишканасынын товардык продукциясы 5,1 миллиард сомду түзүп, жалпы 4,9 миллиард сом топтолгон. Бул тууралуу маалымат бүгүн, 14-январда аталган ишкананын расмий сайтында жайгаштырылды. 

Маалыматка ылайык, 2014-жылы "Түндүк электр" ишканасынын бөлүштүргүч түйүндөрүнө 6,3 миллиард кВт-саат электр энергия келип түшкөн. Бул көрсөткүч 2013-жылга салыштырмалуу 617 миллион кВт-саатка көп дегенди билдирет. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча, электр энергиянын жалпы жоготуулары 16 пайызды түздү. Бул көрсөткүч 2013-жылга салыштырмалуу 2,4 пайызга аз. 

Жыл аралыгында калктан төлөм топтоо 91 пайызга аткарылган. Өнөр жай объекттери боюнча - 98,9 пайыз, бюджеттик уюмдар боюнча - 98,8 пайыз, айыл чарба объекттери боюнча - 99,4 пайыз жана башка колдонуучулар боюнча 99,5 пайыз төлөм чогултулган. 

Ошондой эле бөлүштүрүүчү ишканалар тейлеген аймактардан топтоо төмөнкүдөй болгон: борбор калаадагы төлөмдөрдү топтоо - 99,4 пайыз, Чүй облусу боюнча - 90,7 пайыз жана Талас облусу боюнча - 88,9 пайыз. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан