Маалыматка караганда, кылмышка шектүү баланын атасынын жакын тууганы болгон. Ал сурак учурунда баланы сабаганын моюнуна алган, бирок зордуктабаганын айткан. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-январында шаардагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Анын денесинде көптөгөн жарааттар болгон. Мындан улам дарыгерлер баланын сабалып, зордукталганын айтышкан.