Нарын шаарында электр энергиясына болгон бааны төмөндөтүү боюнча кезектеги митинг өтүп жатат

Бүгүн, 14-январда электр энергиясынын кымбаттыгына нааразы тургундар Нарын шаарындагы М.Рыскулов атындагы облустук драма театрында митинг өткөрүп жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Апрель Баатыры Бактыгүл Жумабаева билдирди.

Анын айтымында, чогулгандар өкмөттөн электр энергиясына болгон бааны Нарын жергесинде арзандатууну, жеңилдик берүүнү талап кылышууда. Бул Нарын шаарында электр энергиясына байланыштуу уюшулуп жаткан биринчи митинг эмес. Буга чейин алар өкмөттүн облустагы өкүлү менен жолугуп, суранычын айтышкан. Бирок өкмөт тараптан жооп болбогону айтылган.

Кошумчалай кетсек, электр энергиясы боюнча иштелип чыккан жаңы тарифке ылайык, колдонулган электр кубатынын көрсөткүчү 700 кВт-саатка жетсе, 70 тыйындан төлөнөт. Бул көрсөткүчтөн аша турган болсо, баа 2 сом 5 тыйынды түзөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kairatmyn
2015-01-14 14:04:53
Мен каршымын Откондо президент эн туура соз аайткан. Ушул апрель баатырларынын мучолорубуз дегендер эле куйдурду ушунчалык эле куйуп атсан карман болгон баатырларга атап куран оку. Анан ар жерге барып алып биз апрель баатырланын мучосубуз деп эле элди болуп жара бербей. Анда мен да эртеге мен апрель баатырларынын мучосумун Ноокенге сиветти арзандаткыла деп элди топтой берсем анан бизде кайдагы туруктуулук кайдагы ынтымак.
0
gulmi
2015-01-14 14:20:23
Kairatmyn, 7-апрель эмнеге болгонун унутсак керек?Менин тууганым мугалим алганы 5 мин сом,анын тен жарымын светке берсе озуно эмне калат,митинге чыкпасада уйундо аялы экоо бийликти каргап олтурушат.
+1
admin_superstan
2015-01-14 16:10:52
Kairatmyn, аймактык бөлүнүүчүлүк мааниде жазылган билдирүүлөргө тыюу салынган!
Эскертүү!
0
maksnarin
2015-01-14 21:30:28
Бул Нарындагы беш алты "обондордун"бироосу-))) Нарындыктар жакшы билебиз бул катындарды,эми алдап соолап баатырлыкты беришкен турбайбы-))
0
sabyr86
2015-01-15 17:44:26
Нарындан алыс болгулачы азыткылар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан