Борбор калаадагы №2-төрөт үйүндө 30 жаштагы айым 6 килограммдан ашык салмактагы эркек уулду жарыкка алып келди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 14-январда аталган төрөт үйүнөн билдиришти.
Белгилүү болгондой, ымыркай 12-январда жарыкка келген. Анын салмагы - 6 килограмм 620 грамм, бою - 58 сантиметр. Бул операциясыз көз жарган эненин үчүнчү баласы. Учурда эненин жана баланын ден соолугу канааттандырарлык экени маалым болду.