"Эгер ымыркай алмаштырылбагандыгын экспертиза далилдесе, биз наристенин ата-энесин сотко беребиз". Бул тууралуу бүгүн, 14-январда маалымат жыйынында №4-төрөт үйүнүн башкы дарыгери
Бурул Алмазбекова билдирди.
"Азыр биздин төрөт үйдүн жетекчилиги өз каражатына сунуштаган ДНК анализин өткөрүүдөн ымыркайдын ата-энеси баш тартты. Эгер алар өздөрү анализден өткөртүшпөсө, биз аны сот аркылуу өткөрүүсүн талап кылабыз. Ал анализде ымыркай кыз алардын баласы экени сөзсүз далилденет. Ошонун жыйынтыгы менен биз сотко кайрылабыз. Ал үчүн учурда төрөт үйүбүздүн юристи менен даярдык көрүп жатабыз",- деди Б.Алмазбекова.