Таласта жарыкка болгон баанын көтөрүлүшү, төө буурчактын арзандашына байланыштуу тынч митинг өтүүдө
Бүгүн, 14-январда Талас шаарында жарыкка болгон баанын көтөрүлүшү, төө буурчактын арзандашына байланыштуу тынч митинг өтүүдө. Ошондой эле митингге чыккандардын дагы бир талабы - Талас облусунун аймагындагы кен байлыктарды иштетүүгө тыюу салуу. Митингге 150дөн ашуун адам катышып жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Талас шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Мундуз Досалиев билдирди. Ал "Талас-эл ынтымагы" коомдук кыймылы тынчтык митингин өткөрүү боюнча кат жолдогонун, ага мэрия уруксат бергенин кошумчалады.