Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү катуу сабалган 2 жашар балага байланыштуу расмий кайрылуу жасады.
Аталган уюм коомчулукту балдарга карата зордук-зомбулукка кайдыгер карабоого чакырат. "ЮНИСЕФ 2 жашар баланын сабалгандыгы боюнча жалпы жарандык нааразычылыгын билдирет. Өлкө анда бактылуу балдар өсүп жатканда гана бактылуу боло алат. Зордук-зомбулук баланын гана денесине жана жан дүйнөсүнө терс таасирин тийгизбей, жалпы коомдун аң-сезимине терс таасир этет. 2015-жылдын биринчи кварталында биз бардык күчүбүздү балдарды зордук-зомбулуктун ар кандай түрлөрүнөн коргоого жумшайбыз",- деди аталган уюмдун Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо.