Дастан Бекешев кыргызча атты паспортто латын тамгалары менен жазганда татаалдыктар жаралгандыгын айтты

Бүгүн, 14-январда депутат Дастан Бекешев кыргызча аттарды ID-карталарда жана жалпы жарандык паспорттордо латын тамгалары менен жазганда татаалдыктар жаралгандыгын интернеттеги социалдык тармактар аркылуу жарыялады.

Ал бул маселе боюнча өзүнө кайрылып жаткан жарандар көбөйүп жатканын кошумчалап: "Мисалы, "Жумагулов" латын тамгалары менен жазганда "Dzhumagulov", ал эми "Хамид" түшүнүктүү "Hamid" эмес, "Khamid" болуш керек экен. Ушул маселени чечүү суранычым менен КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алина Шаиковага кайрылдым",- деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Гулжигит
2015-01-14 21:31:27
Туура!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан